• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Бүгүн КР президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Комиссиянын күн тартибинде тарых илимине тиешелүү маселелер жана көйгөйлөр, ошондой эле Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын изилдөөнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо каралды.

Эске сала кетсек, комиссиянын курамы президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 28-февралындагы № 47 Жарлыгы менен бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий