• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ашууларда тайгакка каршы инерттик материалдарды себүү уланууда – "Кыргызавтожол"

Коом 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын бийик тоолуу ашууларда жолду кардан тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Долон, Кызыл-Арт, Чычкан капчыгайы жана башка унаа жолдордо тайгакка каршы каршы инерттик материалдарды себүү иштери аткарылып жатат.

"Кыргызавтожол" айдоочуларды жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан кезде жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу жана чынжырларын алып жүрүү зарыл экенин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий