• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Ошэлектр” ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. “Ошэлектр” ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облустук прокуратурасы тарабынан “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы "Ош электр тармактары" ишканасында мамлекеттик сатып алуулар жана ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө “Ошэлектр” ААКнын кызмат адамдары ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалынып, 21 млн 972 миң 120 сомдук кепилдик камсыз кылуучу төлөмдөрдү аталган ачык акционердик коомдун жеке кызыкчылыктарына коротуп жиберишип, ишкерлердин укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.

Тактап айтканда, 2018-2022-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын алкагында ишкерлер (берүүчүлөр) тарабынан конкурстук табыштамаларды жана келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуучу төлөмдөр катары түшкөн 28 млн 291 миң 746 сомдук акча каражаттардын ичинен 21 млн. 972 миң 120 сомдук акча каражат “Ошэлектр” ААКнын кызматкерлеринин айлык акыларын төлөп берүүгө, салыктан болгон жана башка карыздарын жоюуга пайдаланып жиберилген.

Аталган факты боюнча Ош областтык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий