• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зилалиевдин иши боюнча сот. Сотко көрсөтүлгөн ишенбөөчүлүк сунушу канааттандырылган жок

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.12.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча бүгүн соттук отурум өтүүдө.

Кеңешүүчү бөлмөдөн чыгып сот жактоочунун өтүнүчүн кабыл алуу үчүн эч бир негиз жоктугун айтты.

Белгилей кетсек, Зилалиевдин жактоочусу сотко ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

Соттун чечиминен кийин Зилалиевдин жактоочусу отурумду жылдырууну суранды. Ал соттун бул чечимине даттанаарын билдирди.

Ал эми сот айыпталуучунун жактоочусу канцелярияга кайрылып даттанса болоорун айтып, отурумду жылдырууга кажет жок экендигин айтты.

Отурум уланууда.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүгү боюнча (Милдеттүү кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө жүргүзүү УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган

Пикир

Оставить комментарий