• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда бир күн ичинде 5 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Чүй облусунда бир сутка ичинде 5 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктан белгилешкендей, 21-22-июнь күндөрү мектеп окуучуларынын бүтүрүү кечелерине жана 2019-жылдын туристтик сезонунун башталышына байланыштуу Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда аталган башкармалыктын кызматкерлери "Руль башында" аттуу иш-чара өткөрүлгөн.

Анын жүрүшүндө эреже бузуулар боюнча 115 протокол түзүлгөн.

Алардын ичинен:

- Мас абалында унаа башкаруу – 5;

- Документ жок болгондор – 10;

- Ылдамдыкты ашыруу – 84;

-Жол белгилеринин талаптарын бузуу – 16.

Пикир

Оставить комментарий