• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө кесиптештердин урушу биринин өлүмү менен аяктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө кесиптештердин урушу алардын биринин өлүмү менен аяктаган.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 6-сентябрда болжол менен 03:10дө Ысык-Көл райондук милициясына райондук аймактык ооруканасынан учтуу нерседен жабыркаган Ананьево айылынын 34 жаштагы жашоочусу К.У. ооруканада эсине келбей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган.

Анда ушул эле күнү болжол менен 01:00дө Бактуу-Долоноту айылында 35 жаштагы жергиликтүү тургун Б.Д. 34 жаштагы кесиптеши К.У. менен жолугушканы белгилүү болгон. Алар спирт ичимдигин ичип отурушуп уруша кетишкен, натыйжада Б.Д. бычак менен К.У.нун ичине бир нече жолу сайып жиберген. Андан кийин жабырлануучу райондук ооруканага жеткирилип, бирок эсине келбей каза болуп калган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий