• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алмазбек Апышев Баткен облустук сотунун төрагасы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.10.23./Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун буйругу менен судья Алмазбек Апышев Баткен облустук сотунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова облустук соттун жаңы төрагасын эмгек жамаатка жана Баткен облусунун мекеме- ишканаларынын жетекчилерине тааныштырды.

Жыйындын жүрүшүндө Нургуль Бакирова облустук соттун жаңы жетекчисинин ишине ийгилик каалап, жеке кесиптик сапаттарына, билимине, тажрыйбасына жана кызматына жоопкерчилик менен мамиле кыларына көңүл бурду.

Ошону менен бирге сот адилеттигин ишке ашырууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барып, ынтымакта жана биргеликте сот реформасын ийгиликтүү жүргүзүүгө болгон күч аракетин жумшай тургандыгына ишеним жасады.

Пикир

Оставить комментарий