• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Беларусь президенти Александр Лукашенко Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Беларусь президенти Александр Лукашенко Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

“Манас” эл аралык аэропортунан Беларусь президентин КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Сапардын алкагында президент Александр Лукашенко үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда.

Пикир

Оставить комментарий