• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун тезинен ишке ашырууну кубаттайбыз

Саясат 0

Бишкек, 14.06.19. / Кабар/. Кыргызстан "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун жакын арада ишке ашырылуусун колдойт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын отурумунда билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстан ШКУнун 2025-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясында коюлган тапшырмалардын ишке ашырылуусуна көп көңүл бурат.

"Мамлекеттер ортосунда транспорттук-логистикалык байланышты тереңдетүү маанилүү. Бул жагынан биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун жакын арада ишке ашырылуусун колдойбуз", - деди ал.

Президенттин айтымында, ШКУнун Өнүгүү банкын түзүү, аны менен катар улуттук валюталарда эсептешүүгө өтүү боюнча консультацияларды улантуу сунушталууда.

"Биздин өлкөлөрдүн ишкерлеринин иш кызматташуусун тереңдетүү боюнча практикалык чараларды көрүшүбүз керек. Интеграциялык потенциалы бар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызыкдар өкмөттүк түзүм жана ишкер чөйрөнүн катышуусуна дем берип туруу зарыл. Агрардык тармакты өнүктүрүү, экологиялык таза айыл-чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү, жашыл экономика биздин биргелешкен ишмердиктин артыкчылыктуу багыттары болуп эсептелет", - деди ал.

Мамлекет башчы белгилегендей, КР ШКУнун аймактык экономикалык интеграциялык бирикмелери менен эл аралык байланыштарды кеңейтүүсүн маанилүү деп эсептейт. Бул жагынан "ШКУ-ЕврАзЭБ" форматында кызматташууну жүзөгө ашыруу перспективасы көрүнүүдө.

Пикир

Оставить комментарий