• 88.68
  • 95
  • 0.95

Иманкулов ШКУ мамлекеттеринин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышууда

Саясат 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 17-жолугушуусуна катышууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Ошону менен бирге Марат Иманкулов Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Өзбекстан Республикасынын президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов жана Монголиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Жадамын Энхбаяр менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө глобалдык жана регионалдык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.

Мындан тышкары ШКУ мейкиндигинде коопсуздукту камсыздоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издөө маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий