• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан жана Армения ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-майда армян тараптын демилгеси боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Армениянын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучусу Ара Айвазян менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирет

Армения ТИМинин башчысы 2021-жылдын 28-29-апрелиндеги адам курмандыгына алып келген кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяга байланыштуу Кыргызстан элине көңүл айтты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Р.Казакбаев ыраазычылыгын билдирди жана Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш райондорундагы абал жөнүндө маалымдады.

Чыр чыккан зонадагы чыңалууну жок кылуу максатында кыргыз тараптын демилгеси боюнча эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда бир катар сүйлөшүүлөр болду, анын жыйынтыгы боюнча толугу менен ок атууну токтотуу жана аскерлерди чыгаруу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Азыркы убакта Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согдий облусунун чектеш участокторундагы куралдуу кагылышууларды жөнгө салуу боюнча Протоколдун алкагында турукташтыруу жана милдеттемелердин аткарылышын контролдоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Андан тышкары кагылышуунун жүрүшүндө жабыр тарткан Кыргызстандын жарандарына гуманитардык жардам берүү боюнча жигердүү иш жүргүзүлүүдө.

Армян дипломаты өз кезегинде чыңалуунун андан ары уланышына жол бербөө жана ортодо чыккан кагылышууну өчүрүү боюнча эки өлкөнүн ортосунда жетишилген макулдашууларды жогору баалады. Бул контекстте А.Айвазян Кыргызстандын жетекчилигинин иш-аракеттерине жогору баа берди. Көмөк көрсөтүүгө даяр экендиги билдирилди.

Тараптар эки тараптуу күн тарбинин актуалдуу маселелерине да көңүл бурушту. Жигердүү саясий диалогду максаттуу түрдө улантуу тастыкталды.

Пикир

Оставить комментарий