• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытайдагы элчи Бактыгулова Паньчжоунун вице-мэри менен аймактар аралык кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-сентябрында Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова Гуйчжоу провинциясынын Паньчжоу шаарынын вице-мэри Гао Хэ менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай аймактар аралык кызматташтык, соода-экономикалык өз ара аракеттешүү, «Бир алкак, бир жол» кытай демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу жөнүндө жана башка маселелерди талкуулашты.

Элчи К.Бактыгулова өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча КР министрлер кабинетинин аракеттери жөнүндө айтып берип, Паньчжоу шаарынын мэриясын кытай ишмерлери менен бирге Кыргызстанга сапар уюштурууга чакырды.

Ошондой эле, Баткен облусуна берилүүчү статусу тууралуу жана ал жерде орнотулуучу атайын жеңилдетилген салык режими жөнүндө маалымдады. Кыргызстандын облусттары менен Кытайдын провинцияларынын жана эки өлкөнүн шаарларынын ортосундагы түзүлгөн боордош мамилелерди бекемдөөнүн жана жаңы боордош байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Вице-мэр Гао Хэ Паньчжоу шаарынын өнөр жай, инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди жана Баткен облусу менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты жандандырууга даярдыгын билдирип, К.Бактыгулованын Баткен менен Паньчжоу шаарларынын ортосунда боордош мамилелерди орнотуу жөнүндөгү сунушун колдоду.

Пикир

Оставить комментарий