• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ноокатта 3 килограммга жакын баңгизат менен беш адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Ноокат районунда 3 килограммга жакын баңгизат менен беш жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине баңгизатын мыйзамсыз колдонуп, сатып жүргөн жарандар тууралуу маалымат келип түшкөн. Анын негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 26 жаштагы тургуну Ж.уулу Д. Ош шаарынан кармалган.

Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургундары 40 жаштагы И.Н., 39 жаштагы Б.Т., 43 жаштагы Т.М., жана 26 жаштагы О уулу А., кармалган. Алардын үйлөрүн жана автоунааларын тинтүү учурунда 2 кг 869 гр өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Аталган заттарга карата соттук-химиялык экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар гашиш экендиги аныкталган.

Кармалган шектүүлөр Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий