• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

ИИМ: Бостеридеги жарандын өлүмүнө шектелип 4 адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.08.23./Кабар/. Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Золотые пески" эс алуу жайында каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө 100дөн ашык жаран суралып, анын ичинен 44 күбө окуя боюнча көрсөтмө берген. Айрымдары жалган көрсөтмө беришкен, учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө.

Көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар, мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29 жаштагы Э.А. болуп чыгышты.

Аталган жарандар КРнын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин (Кармоонун негиздери) негизинде Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ысык-Көл райондук соттун чечими менен шектүү жарандарга карата тергөө амалдарын өткөрүү мезгилинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында окуянын жагдайлары жана себептерин аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

Белгилей кетсек, Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Золотые пески" эс алуу жайында 23 жаштагы жигит каза болду. Окуя 6-августта катталган. Маркум Талас облусунун А.Б. аттуу тургуну.

Окуяга байланыштуу облустук милиция үн катып, жагдай боюнча өз версиянын билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-августта болжол менен саат 05:10до Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт кызматына окуя тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган билдирүү райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлөт.

"Алгачкы сырткы кароонун жүрүшүндө жигиттин денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалган эмес. Күбөлөрдүн айтуусуна караганда, каза болгон жаран 5-августта жубайы жана классташтары менен Бостериге эс алганы келген", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Классташтарынын биринин айтымында, болжол менен саат 23:30 чамаларында каза болгон жаран жана дагы бир классташы менен көл жээгинде жайгашкан барда эс алып жатышкан. Эс алуу учурунда А.Б. белгисиз жарандар менен менен чатакташа кеткен. Бир нече убакыт өткөндөн кийин бардын ылдый жагынан эс-учун жоготкон абалда табылган.

Жардамга келген эс алуучулардын бири өзүн медициналык адис катары тааныштырып, жабырлануучуга жардам көрсөтө баштаган. Милиция кызматкерлери тарабынан аталган жарандын өздүгү аныкталган. Ал Ош облусунун тургуну, 23 жаштагы У. К. болуп чыкты.

Анын айтымында, бул күнү болжол менен саат 05:00 чамаларында көл жээгинде сейилдеп жүрүп, жардам сураган кыйкырыктарды уккан. Ал жерге чуркап келип, эс-учун жоготкон жигитти көрүп, дароо биринчи жардам көрсөтө баштаган. Жардам берип жатып, ал жабырлануучу тилин жутуп алганын байкаган жана тилин чыгаруу үчүн жабырлануучунун жаагын ача баштаган. Бул учурда тез жардамдын кызматкерлери келип, жардам көрсөтүүнү улантышкан. Бирок натыйжа болгон эмес.

Талас облусунун тургунунун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий