• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы “Менин шаарым” мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Милдети жана артыкчылыктары

Коом 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы “Менин шаарым” мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Бул жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча автоматташтырылган маалымат системасы.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жарандар аталган мобилдик тиркемесин жүктөп алышы керек, анткени ал аркылуу турак-жай-коммуналдык чарба жана шаарды көрктөндүрүүнүн бардык маселелери боюнча арызын жөнөтүү оңой жана жөнөкөй болот.

Мобилдик тиркеменин негизги милдети - көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу.

Мэриядан кошумчалашкандай, "Менин шаарым" мобилдик тиркемесин колдонуу эффективдүүлүктү жогорулатып, жарандардын кайрылууларына жооп берүү процессин тездетет.

Кабыл алынган арыз дароо Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматына жөнөтүлөт жана арыз ээси реалдуу убакыт режиминде конкреттүү кызмат тарабынан арыздын аткарылышын контролдоо жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Арызга жооп 3 күндүн ичинде жөнөтүлөт.

Кошумчалай кетсек, бул мобилдик тиркеменин жаңычылдыктарынын бири коомдук транспорттун (автобустар, троллейбустар жана маршруттук таксилер) кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий