• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров: Чет элдик инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзүүгө даярбыз

Өкмөт 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бавариянын Экономика, аймактык өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министрлигинин статс-катчысы Роланд Вайгерт башында турган Германия Федеративдүү Республикасынын делегациясы менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба, энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары, маалыматтык технологиялар, инновациялар, тоо-кен жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты.

Акылбек Жапаров белгилегендей, 2022-жылы Кыргызстан менен Германия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешти.

“Бул жылдар аралыгында биз достук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрдүк. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда абдан динамикалуу үзгүлтүксүз саясий сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына кубанычтамын. Муну үстүбүздөгү жылдын июнь айында Германиянын Федералдык президентинин Кыргызстанга болгон расмий сапары тастыктап турат”, — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле эки тараптын бизнес жана ишкердик чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсүн белгилеп, Кыргызстанда германиялык бизнестин ийгиликтүү иш алып барышынын мисалдарын белгиледи.

“Биз Кыргызстандагы герман бизнесин мындан ары дагы ар тараптан колдоого ниеттенебиз жана бардык чет элдик инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзүүгө даярбыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен катар Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында потенциалы жогору экенин белгилеп, германиялык компанияларды Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүүгө жигердүү катышууга чакырды.

Мындан тышкары, МинКаб төрагасы Кыргыз Республикасында экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүүнү өнүктүрүү багытын белгиледи.

“Бизде Германия рыногунун айрым муктаждыктарын экологиялык жактан таза айыл чарба продукциялары жана азык-түлүктөр менен канааттандырууга мүмкүнчүлүк бар”, - деди ал.

Өз кезегинде Роланд Вайгерт белгилегендей, Бавария Германиянын экономикалык жактан эң өнүккөн аймактарынын бири жана бавариялык компаниялар маалымат-коммуникациялык технологиялар, фармацевтика, медициналык технологиялар, биотехнологиялар, экологиялык технологиялар, химия, авиация жана автомобиль өнөр жайы, робототехника сыяктуу тармактарда продукцияны иштеп чыгуу жана өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунду ээлейт

Ал ошондой эле инновациялык технологиялар жаатында эки тараптуу кызматташуунун келечегин белгилеп, эки өлкөнүн адистештирилген окуу жайларынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерин түзүүгө даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен долбоорлорду талкуулоо жана макулдашуу максатында жакынкы аралыкта ар кандай деңгээлдеги эки тараптуу бир катар иш сапарларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

“Германиядан чыгарылган бир трактор ондогон жолугушууларга жана жыйындарга караганда кыргыз-герман мамилелеринин маанисин көбүрөөк үгүттөйт. Биргелешкен долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууга өтүүгө убакыт келди, Министрлер Кабинети тез чечим кабыл алуу саясатына өткөн, - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий