• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең өлкө аймагында кандай аба ырайы болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 14.03.18. /Кабар/. Эртең, 15-мартта өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт, тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз -1…+4;

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1...+4;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Эртең Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүзү 1…3 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий