• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Араванда төлөм терминалдарын уурдап жүргѳн кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Араван районунда төлөм терминалдарын уурдап жүргѳн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз түшүп, анда үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында болжол менен саат 03:00дө Гулбар айылындагы дүкөндөрдүн биринде жайгашкан "Нур Телеком" жана "Скай Мобайл" компанияларынын терминалдарын жана анын ичиндеги 105 миң 400 сом акчаны белгисиз жарандар уурдап кетишкендиги айтылган.

Араван РИИБсинин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү делип беш адам кармалган: 22 жаштагы Б. уулу М., 27 жаштагы Т.С., 24 жаштагы Б.И., 23 жаштагы С. уулу Т., 22 жаштагы Д.К.

Шектүүлөр Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган факты Араван РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголду.

"Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ аталган кылмыштуу топ тарабынан Өзгѳн, Кара-Суу райондорунун жана Нарын облусунун аймагында терминалдарды талкалап, ичиндеги акчаларды алып кетип жүрүшкөндүгү белгилүү болгон. Учурда кылмыштуу топтун башка аймактардагы ушундай кылмыштарга катышы бар жоктугу такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий