• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-француз парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек. 27.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Улуттук Ассамблеясындагы «Франция-Борбор Азия» депутаттык достук тобунун жетекчиси Натали Серре менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-француз парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Садык Шер-Нияз Кыргызстандагы маанилүү саясий өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берип, Кыргызстан ар дайым демократиялык принциптерге, анын ичинде сөз эркиндигине умтулган мамлекет болуп келгенин жана болуп кала берерин белгиледи.

Ошону менен бирге, тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын аягында Францияга болгон сапарынын жыйынтыктарын, Франция менен гидроэнергетика, туризм жана фармацевтика тармагындагы соода-экономикалык мамилелерди активдештирүүнү, ошондой эле Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-билим берүү кызматташтыгын мындан ары активдештирүү боюнча 2024-жылга карата биргелешкен пландарды талкуулашты.

Өз кезегинде Натали Серре кыргыз-француз мамилелери ар тараптуу жанданганын канааттануу менен белгиледи. Ошону менен бирге, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн олуттуу ролун эске алуу менен, ал кыргыз-француз парламенттер аралык кызматташтыгын мындан ары да активдештирүү ниетин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий