• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

“2017-жылы 8-апрелде УКМК Сириядагы куралдуу жаңжалга катышуу жана террористтик актыларды жасоо үчүн алдоо каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча контртеррористтик актыларды жүргүзүүдө эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү, 1994-жылы туулган КР жараны, Жалал-Абад облусунун тургуну “А.Ф.” кармады”,-деп айтылат билдирүүдө.

2016-жылы кармалган “А.Ф.” чет өлкөдө жүрүп, Сирияда согушкерлер даярдалган лагерлердин бирине жөнөтүү үчүн эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү тарабынан азгырылганы аныкталды.

Азыркы учурда кармалган жаранга карата тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий