• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Премьер С.Жээнбеков Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын ишин сынга алды

Коом 0

Бишкек, 24-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн өзгөчө кырдаалдарда үйлөрдү камсыздандыруу маселеси каралып жаткан селектордук жыйында Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын ишин сынга алды.

Анын айтымында, компания мамлекеттин эсебинен түзүлгөн жана мамлекеттик бюджеттен каржыланат, бирок бул мамлекетке гана таянуу дегендик эмес. “Мына сиздер тоолуу аймактарга жетүү үчүн “Нива” унаасын сатып берүүнү сурадыңыздар. А эмне үчүн жарандар, алыскы аймактарда жашаган тургундар менен иштешпейсиздер? Эмне үчүн камсыздандыруу тууралуу маалымат бербейсиздер? Эмнеге мындай аз көрсөткүч. Бул сиздердин акимдер, айыл өкмөттөрү менен иштешпей турганыңыздардан кабар берет, керек болсо сиздерди губернаторлор дагы билишпейт”,-деди С.Жээнбеков.

Ошондой эле, премьер-министр элдер справка алуу үчүн айыл өкмөттөрүнө келишет деп белгиледи. “Айыл өкмөттөрдүн башчылары менен жолугуп, бардык жашоочуларга камсыздандыруу зарыл экендиги тууралуу айтышы керектигин түшүндүрүшүңүздөр керек. Шаарда дагы ушундай эле системаны колдонуу шарт”,-деди ал.

Өкмөт башчы элдерде камсыздандыруу тууралуу маалымат жок экенин билдирди. “Эгер аларга жеткирсек, бары үйлөрүн камсыздандыра башташат”,-деди премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий