• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Санарип аймак” тутумунун жаңы функционалдарын үйрөтүү боюнча семинар башталды

Коом 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Бишкекте 28-сентябрдан баштап “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун жаңы функционалдарын үйрөтүү боюнча үч күндүк окуу семинар башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Семинар министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги Улуттук статистикалык комитети, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Дүйнөлүк банктын жана Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу аркасында өтөт.

Окуу семинарга Чуй облусунун жооптуу катчылары жана Бишкек шаарынын муниципалдык территориялдык башкармалыгынын кызматкерлери катышууда.

Иш-чаранын негизги максаты – “Санарип аймак” тутумунун “Чарба китеби” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын паспорту” модулдарынын жаңы фунцияларын окуутуу жана практикалык түрдө үйрөтүү.

Семинар аймактарда 2022-жылдын 15-октябрына чейин созулуп, республикадагы бардык жооптуу катчылар окутулат.

Пикир

Оставить комментарий