• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азамат Жаманкулов кыргыз–казак элдеринин тарыхы жана мурастары жайгашкан музейде болду

Маданият 0

Бишкек, 30.01.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Ысык- Көл облусунда иш сапары менен болуп, анын жүрүшүндө Чолпон–Ата шаарындагы Мухтар Ауэзов атындагы китепкана үй-музейинде болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда музейдин азыркы абалы жана жалпы ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, музейди мындан ары сактоону, коргоону жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Учурда аталган музейди Маданият министрлигинин балансына толук алуу боюнча иш аракеттер жүргүзүлүүдө.

Мухтар Ауэзов атындагы китепкана үй музейи КР өкмөтүнүн чечими менен 1957-жылы Мухтар Ауэзовго берилген. 1970-жылы китепкана үй-музейи деп Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын балансына берилген. 1990-жылы музей толук кандуу каралбай, кийин кароолчулук штаты ачылып, “Кыргызтелеком” тарабынан каржылаган. Бүгүнкү күндө имарат өзү жана айлана тегереги капиталдык ремонт иштерине муктаж.

Бүгүнкү күндө Мухтар Ауэзовдун үй-музейи шаардын маданий борбору болуп саналат, анда казак жана кыргыз элдеринин тарыхы жана мурастары менен таанышууга болот. Мындан тышкары, үй-музейдин кичи китепканасы жана көргөзмө залы бар, анда жазуучунун жеке буюмдары сакталган.

Пикир

Оставить комментарий