• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чыңгыз Айтматовдун “Балалыгым” чыгармасында чыныгы инсан болуп калыптануунун философиясы баяндалган

Маданият 0

Тарых канчалык алыстап барган сайын, болуп ѳткѳн окуялардын маани-маңызы да кененирээк ачылып, биз үчүн кымбат баалуу эстелик болуп кала берет. Мен Чыңгыз Айтматов менен 1995-жылы Кыргызстандын Ѳзбекстандагы элчилигинде атташе болуп иштеп жүргѳн кездери ѳзгѳчѳ кырдаалда таанышканмын. Ал кезде мурда Ош облусунун губернатору болгон Батыралы Сыдыков Кыргызстандын Ѳзбекстандагы элчиси болчу. Ал киши экономика-чарба, уюштуруу иштерин мыкты билген, ошону менен бирге адабиятка ѳтѳ кызыккан, дүйнѳ карашы кенен, инсандыктын жогорку сапаттарын туу туткан адам болгон.

Элчиликтеги маданият иштерин тейлѳѳ, бул багыттагы маселелерди үйрѳнүү менин милдетиме кирген. Андыктан, бир күнү Батырали Сыдыков мага Чыңгыз агайдын туулган күнүнѳ арнап кыргыз тилинде куттуктоо жазууну тапшырды. Чыңгыз Айтматов — сѳз чебери, кээде анын бир сүйлѳмү бир барак болуп кеткенин жолуктурууга болот. Мен да ушундай стилде кат даярдоого кириштим. Эки күн бою аракет кылып, кыргыз тилиндеги эң кооз, нукура сѳздѳрүн таап, ѳзүмдүн купулума толгон куттуктоо катын даярдадым. Батыралы Сыдыкович аны Бельгияга жиберди, ушуну менен бул окуя менин эсимден чыгып кетти, анткени бул күндѳлүк тапшырмалардан бири эле.

Бир күнү Батыралы Сыдыков кечинде мени чакырып, таң эртен менен Чыңгыз Айтматовду Бельгияга күзѳтүп коюу үчүн Ташкент эл аралык аэропортуна чыга тургандыгыбызды дайындады. Чыңгыз Айтматов «Борбор Азия мамлекеттери адабияты жана искусствосу Ассамблеясын» президенти болгондуктан Ѳзбекстанга кѳп келчү, же Бишкекке Ташкент аркылуу учаар эле. Чыңгыз Айтматовдун дээрлик бардык китептерин окугам, менде алардын бардыгы бар болчу, бирок бир китебимде да улуу жазуучунун кол каты жок эле. Ушуну мен Батырали агайга айттым. Ал киши мага ошол китептерден бирѳѳн алышымды, керек болсо ѳзү Чыңгыз агайга кол кат берүүнү эскертерин айтты. Таң эртең менен Ташкент аэропортуна жетип келдик. Аэропорттун «Вип» залында Адыл Якубов, академик Пулат Хабибуллаев, президент администрациясынан, дагы башка мен тааныбагандар, кыскасы, жоон топ адам Чыңгыз агайды күзѳткѳнү чыгышкан экен. Чыңгыз агай биз менен учурашып жатып, колумдагы китепти кѳрүп, «кел кол коюп берейин», деп четке чыкты. Кол коюп жатып, мага «жакында Ташкенттеги элчиликтен бир куттуктоо алдым, ѳтѳ жакшы жазылыптыр, рахмат сага», деп айтты. Ал катты мен жазганымды кайдан билиптир, деп таң калдым. Кайтып келе жатып болгон окуяны, Батырали агайга айттым. Чыңгыз агай катты алышы менен телефон чалып, ыраазычылыгын билдирип, катты ким даярдаганы менен кызыкканда, Батырали аке менин кыска таржымалымды айтып, кенен тааныштырганын баяндады. Чыңгыз Айтматов, «ѳзбекстандык кыргыздар да ѳз эне тилин жакшы билишет турбайбы», деп баа берген экен. Ошондо мен Чыңгыз Айтматовдун кыраакылыгынан жана ушундай улуу инсан менен мени тааныштырган, ал кишиде мен тууралуу жакшы маанайдагы ой-пикир жараткан Батырали Сыдыковдун чыныгы адамгерчилиги, кең пейилинен ѳтѳ ыраазы болдум…

… Эсимде, Ташкентте Азия, Африка жана Латын Америкасы мамлекеттеринин Эл аралык кинофестивалы болгон, анда Чыңгыз агай жюри тѳрагасы болуп, 10 күндѳй Ташкентте жүрүп калды. Ошондо элчиликтин тапшырмасына ылайык, ал киши менен бат-бат жолугушуп туруу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болгом. Ошол мезгилден баштап, Чыңгыз Айтматов менен жакшы тааныш болуп калдым. 2004 — жылдын май айында жумуш сапары менен Бишкекке барып калдым. Ал кезде мен Ѳзбекстан телерадио компаниясында «Ташкент» радиосунунун кыргыз редакциясын жетектейт элем. Чыңгыз Айтматовдун Бишкекте экендигин угуп, ал кишиден биздин «Эламан» аттуу радиоберүүлѳрүбүз аркылуу ѳзбекстандык кыргыздар жана радиоугармандар үчүн интервью берүү ѳтүнүчү менен кайрылдым. Ошондо Чыңгыз Айтматовдун ѳз интервьюсунда айткан тѳмѳндѳгү сѳздѳрү эсимде: «Дүйнѳ жүзүндѳгү кѳп мамлекеттерде кыргыздар жашайт, дүйнѳлүк ѳнүгүүнүн шарты ушундай, ички жана сырткы миграция күчѳдү. Силер ѳзбекстандык кыргызсыңар, ошол мамлекеттин жаранысыңар. Андыктан ошол мамлекеттин ѳсүп-ѳнүгүшүнѳ ѳз салымыңарды кошуу — силердин милдетиңер, Ѳзбекстан күчтүү, келечеги кенен мамлекет. Бирок, Ата журт болгон Кыргызстандан кол үзбѳй, улуттук ѳзгѳчѳлүктү сактап калууга аракеттенүү зарыл. Ар бир улуттун ѳзгѳчѳлүгү ѳз эне тилин сактоо, ата-тегин билүү, үрп-адаттарын абайлап-асыроо жана аларды ѳнүктүрүп келечек муунга калтыруу болуп саналат. Мында силерди руханий — улуттук зарылчылыгыңарды камсыздап туруучу булак Кыргызстан болуп саналат» деп айткан эле.

Интервью бүткѳндѳн соң, «Балалыгым» китебинин мазмунун кыргыз жана ѳзбек тилдеринде радиоугармандарга тартуулап барсак, жаш муун үчүн ѳтѳ кызык жана пайдалуу болушун айтып, китепти ѳзбек тилине которууга ыраазылык беришин сурандым. Ошондо Чыңгыз агай бул пикирди колдоп-кубаттап, ыраазычылыгынын белгиси катары китептин бетине: «Тѳлѳнбайга! Ак тилектер! Бишкек», деп жазып кол коюп берди. Ушундан улам, «Балалыгымды» ѳзбек тилине котордум, китептин мазмуну ошол кездеги «Гулистан» журналынын башкы редактору, жакын досторумдун бири, белгилүү ѳзбек акыны Азим Суюндун сунушу менен басманын 2004-жылдагы 3-4-сандарында жарыяланды.

Албетте, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын ѳзбек тилине которуу оңой эмес, ѳтѳ татаал иш. Асил Рашидов, Ибрагим Гафуров, Якубжан Хужамбердиев, Суюн Караев сыяктуу дасыккан жана башка котормочулар менен атаандашуу кыйын. Бирок, мен бул китептин философиялык, этно-педогогикалык мазмуну кѳп жылдан бери мен изилдеп жүргѳн жаштар проблемасы менен айкалышып, ѳтѳ тыгыз экендигинен улам Чыңгыз Айтматовтун эскерүүлѳрүн ѳзбек тилине которууга киришкем.

Эскерте кетсем, бул китептин жаратылыш тарыхы ѳзгѳчѳ кызык. Чыңгыз Айтматов жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер болуу менен катар, 20 жылдан кѳбүрѳѳк ѳмүрүн дипломатиялык милдетти аткарууга арнады. Мурда Советтер Союзунун, андан соң Кыргызстандын Бенилюкс (Бельгия, Нидерланд жана Люксембург) мамлекеттеринде атайын жана толук Ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.

Чыңгыз Айтматовдун айтымында, ошол кезде Германияда кѳп болуп, ар түрдүү жолугушууларда катышып жүрѳт. Анын сѳзүн немец тилине которуп, дайыма жанында жүргѳн, сырдашып, дос болуп кеткен Фредрих Хитзер деген котормочусу болгон. Ал Чыңгыз агайга бала чагы тууралуу кѳп сурооолор берип, жоопторун магнитафонго жазып жүрѳ берген. Бир күнү жазгандарын кагазга түшүрүп, Чыңгыз агайга кѳрсѳтѳт. Ошону анын ѳзү немец тилине которуп, «Кыргызстандагы балалык» наамы менен атайын китеп кылып чыгарган. Ошол китеп анан немецчеден түрк адабиятчысы Мухаммет Мертек тарабынан түрк тилине которулат. Андан соң, кыргыз адабиятынын белгилүү ѳкүлдѳрү Абдыкерим Муратов жана Бактыгүл Чыныбаева тарабынан китеп түркчѳдѳн кыргыз тилине которулуп, Эларалык Айтматов клубдарынын ассоциациясынын президенти, филология илимдеринин доктору, профессор Абдылдажан Акматалиевтин жалпы редакциялоосунда жарык кѳрѳт.

Улуу жазуучунун 90 жылдыгы дүйнѳ коомчулугу тарабынан кенен белгиленип жаткан учурда Кыргызстандын Ѳзбекстандагы экс-элчиси Данияр Сыдыковтун жана Европада коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Ташкенттеги кеңсесинин колдоосу менен Туркияда басмадан чыкты.

Улуу жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов жалаң кыргыз калкынын гана эмес, жалпы түркий мамлекеттер, ошондой эле ѳзбек калкы үчүн да азиз жана ардактуу инсан, Өзбекстандын үлкөн досу болгон. Чыңгыз Айтматов аймагыбыздын тынчтыгы жана бейпилдиги, анын келечеги жана ѳнүгүшү, элдерибиздин ортосунда достук жана биримдикти чыңдоо, аларды ар түрдүү келишпестик жана карама-каршылыктардан асыроо жолунда жан-дили менен эмгектенди.

Ѳткѳн кылымдын 80-жылдарындагы мурдакы Борбор тарабынан уюштурулган “ѳзбек иши”, “пахта иши” сыяктуу доомат саясий кампаниялар учурунда Чыңгыз Айтматовтун адилет жана акыйкат талапкери катары ѳзбек калкынын намысы жана абройюн жогорку трибуналардан туруп эрдик менен коргогонун ѳзбек эли дайыма ыраазычылык менен эскерет.

Улуу жазуучунун Өзбекстан тарабынан “Достук” жана “Улуу кызматтары үчүн” ордендери менен сыйланышы да ушундан далалат берет. Атактуу жазуучунун ѳзбек адабияты жана кѳркѳм ѳнѳрүнүн ири ѳкүлдѳрү менен жакын дос жана чыгармачыл ѳнѳктѳш болгону жаш муун үчүн жогорку ѳрнѳк үлгүсү.

“Кабар” МАБ,

Ташкент, Төлөнбай Курбанов

12-декабрь, 2021-жыл

Пикир

Оставить комментарий