• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Түнкү авария” кыргыз тасмасын Даккада кино фестивалда көрсөтүшөт

Маданият 0

Бишкек, 08.01.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. “Түнкү авария” кыргыз тасмасын Даккада (Бангладеш) өтө турган 16чы Эл аралык кино фестивалда көрсөтүшөт. Иш-чара 12нен 30-январь аралыгында өтөт. Бул тууралуу кыргыз киносунун сайтында маалымдалат.

Кино фестивалда бир нече сынактык программа бар, “Түнкү авария” негизги сынактык программанын тизмесине киргизилди.

Кыргызстандын өкүлү Гүльбара Төлөмүшова фестивалда калыстар тобунун мүчөсүндө болуп, Бангладештен келген тасмаларга калыстык кылат.

Синопсис: “Түнкү авария” тасмасынын фордонунда жалгыз карыя жана таң калычтуу кыз. Жарадар болгон кызды карыя жолдон таап алат. Карыя кызга кам көрүп, бара-бара аны сүйүп калат.

Пикир

Оставить комментарий