• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акжол Махмудов Азия оюндарынын жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 04.10.23./Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Азия оюндарынын жарым финалына чыкты.

Азия оюндарына кыргызстандык спортчу 4/1 финалдан тарта катышып, 77 кг салмак ченинде беттешүүдө.

Акжол Махмудов алгачкы атаандашы камбоджиялык Софака Кени 33 секунданын ичинде далысын жерге басып, 4:0 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалда кыргыз балбаны казакстандык спортчу Азат Сыдыков менен кез келет.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий