• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын карате-до боюнча курамасы Азия чемпионатында 6 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 25-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын курама командасы карате-до боюнча Азия чемпионатында өспүрүмдөр жана кадеттер, чоңдор арасындагы мелдештерде 6 медаль тагынышты.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, чемпионатта Азиянын 29 өлкөсүнүн спортчулары катышкан. Кыргызстандын намысын аталган чемпионатта 40 спортчу коргогон. Алар натыйжада 6 медаль, 3 күмүш, 3 коло медалдуу болушкан.

57 кг салмактагы спортчулардын арасынан Калыс Нурланбек уулу экинчи орунду, кыздар арасынан Дильназ Соотбаева 47 кг салмактагылар арасынан коло медаль уткан.

Жаштар арасындагы таймашта командалык мелдеште биздин спортчулар 3- орунду камсыз кылышкан. Жаштар арасында коло медалды Эрбол Жумалиев, күмүш медалга Кымбат Тойтонова татыктуу болду.

Чоңдор арасындагы беттеште үчүнчү орунду Гянжали Абасов илип кеткен.

Пикир

Оставить комментарий