• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында куткаруучулар сууга агып кеткен 4 жашар баланы издешүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Куткаруучулар Нарындагы Чоң-Кажырты суусуна агып кеткен төрт жашар наристени издешүүдө.

ӨКМ билдиришинче, “Хонда Степ” үлгүсүндөгү унаа 18-июлда кырсыкка учурап, сууга кулаган. Машинанын ичинде 4 адам болгон. Алардын 3сү суудан чыгып кете алышкан. Ал эми төрт жашар баланы суу агызып кеткен.

Куткаруучулар тарабынан буга чейинки издөө иштери эч кандай жыйынтык берген эмес. Баланы издөө бүгүн, 25-июлда улантылат.

Пикир

Оставить комментарий