• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн беттеше турган Бусурманкул Абдибаит уулу ден соолугуна байланышуу ооруканага түштү

Спорт 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу бүгүн, 18-февралда Москва шаарында Eagle Fighting Championship 45 (EagleFC45) турниринде беттешке чыкмак.

Мушкердин машыктыруучусу Кенжебек Чекиров билдиргендей, Бусурманкул Абдибаит уулунун атаандашы алмашканына байланыштуу салмакты түшүргөн.

“Таңга маал ден соолугунун оордоп кетишине байланыштуу тез жардам чакырууга мажбур болдук. Азыркы маалда ал ооруканада жатат”, - деп жазат Чекиров.

Нет описания.

Машыктыруучусу кошумчалагандай, Абдибаит уулунун беттешке даярдыгы толук кандуу жакшы өткөн.

Эскерте кетсек, Бусурманкул Абдибаит уулу 18-февралда Москвада EagleFC45 турниринде жарым жеңил салмакта чемпиондук курун коргоо үчүн Жасулан Акимжан менен беттеш өткөрмөк. Бирок Жасулан Акимжан саламаттыгын байланыштуу октаганго чыга албай калганда кыргызстандык мушкердин атаандашы россиялык Расул Магомедовго өзгөргөн.

Пикир

Оставить комментарий