• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто дагы 3 өтмөк жана эки деңгээлдүү жер астынан өтүүчү унаа жолун куруу сунушталды

Аймак 0

Бишкек, 04.10.23. /Кабар/. Ош шаарында дагы 3 өтмөк жана эки денгээлдүү жер астынан өтүүчү унаа жолун куруу сунушталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов унаа кыймылынан жаралган тыгындарды жоюу максатында мэриянын техникалык кеңешмесинин көчмө жыйынын өткөрүп, анда дагы 3 өтмөк жана эки денгээлдүү жер астынан өтүүчү унаа жолун куруу сунушталды. Алар:

- А. Масалиев, Ы. Монуев көчөлөрүнүн кесилишинде “Боз үй” элесин чагылдырган өзгөчө улуттук стилдеги жөө адамдар үчүн.

- Ы. Монуев, А. Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жер астынан, үстүнөн унаалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн.

- Г.Айтиев жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишине жөө адамдар үчүн өтмөк куруу.

Ошондой эле долбоордун алкагында Ы.Монуев көчөсүн кеңейтүү маселеси да бар.

Жеринде тиешелүү кызматтар адамдары жана адистер долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бир катар сунуштарын беришти.

Өтмөктүн эскиздик долбоору Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан даярдалып коомдук талкууга чыгарылды.

"Эгерде сиздерде долбоорго кошумча сунуш, ой-пикир болсо билдирсеңиздер болот. Быйыл долбоор жасалып, өтмөктүн курулуш иштери кийинки жылдын жаз айларынан башталат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий