• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 1,2 млн адам "Жумуш жана окуу үчүн азык-түлүк" долбооруна катышты

Коом 0

Бишкек, 04.10.23. /Кабар/. Кыргызстанда 1,2 млн ашык адам "Жумуш жана окуу үчүн азык-түлүк" долбооруна катышты. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова БУУ ДАПтын өлкөлүк директору Кожиро Накай менен жолугушууда билдирди.

Министрдин айтымында, 2015-жылдан бери 1 млн 224 миңден ашык адам ар кандай инфраструктураны жакшыртуу жана окутуучу долбоорлорго катышып, азык- түлүк жардамын алышкан.

"Министрлик БУУ ДАПтын активдүү колдоосу менен ишке ашырып жаткан глобалдуу долбоорлордун бири "социалдык контракт" долбоору экенин өзгөчө белгилеп кетким келет. Бир жыл мурда бул пилоттук долбоор болсо, бүгүнкү күндө ал өзүнүн бизнес-демилгелерин ишке ашырган 13 миңге жакын үй-бүлөнү камтыган улуттук өлкөлүк программага айланды. Долбоордун аркасында 70 миңден ашуун адам жашоосун жакшыртты, алардын 43 миңи – 16 жашка чейинки балдар", - деди министр.

Анын айтымында, БУУ ДАПтын колдоосу менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сүттү кайра иштетүү, жемиштерди кургатуу, шире сыккычтар, жүндү тароо, өрүк майын кургатуу жана алуу, дары чөптөрдү кайра иштетүү боюнча 30дан ашык чакан цех уюштурулган.

Тараптар 2023-2027-жылдарга Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы стратегиялык планын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, санариптештирүү маселесинин маанилүүлүгүн белгилешти.

"Бүгүнкү күндө министрликтин бардык иштеп жаткан маалыматтык системаларын жана алардын санарип аймак АМС (автоматташтырылган маалыматтык система) аз камсыз болгон үй - бүлөнүн социалдык паспорту" модулу менен өз ара аракеттенүүсүн талдоо боюнча иштер жүргүзүлдү, ошондой эле аларды андан ары оптималдаштыруу боюнча практикалык сунуштар иштелип чыкты", - деп белгиледи Баатырова.

Пикир

Оставить комментарий