• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ИИМдин Атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнү белгиленди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Дамир Алыбаев, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Тилек Тюкебаев жана полктун ардагерлери катышты.

"ИИМдин Атайын полку КР өкмөтүнүн №31 токтому менен 2014-жылдын 17-январында тузүлгөн. Атайын полкко кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө, өлкө аймагында өтө турган ар кандай иш-чараларда, салтанаттуу майрамдарда, саясий кырдаалдарда жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо, массалык тартипсиздиктерге бѳгѳт коюу өӊдүү олуттуу милдеттер жүктөлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ КР Ички иштер министринин, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын начальнигинин жана атайын багыттагы полкунун командиринин буйруктары окулуп, кылмыштуулук менен күрѳшүүдѳ, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо ѳзгѳчѳлѳнгѳн бир катар кызматкерлер медаль жана грамоталар менен сыйланышты.

Салтанаттуу иш-чара полктун кызматкерлеринин саптык жүрүшү менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий