• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таш-Көмүрдө мал уурулукка шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Таш-Көмүрдө мал уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнө 56 жаштагы Т.Ж. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2021-жылдын 10-декабрына караган түнү саат 2:00 чамасында үйүнүн короосунда байланып турган жеринен 6 баш кара малын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин, натыйжада 500 миң сомго жакын зыянга учураганын билдирген.

Бул окуя Таш-Көмүр ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине (КБР) КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Таш-Көмүр милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул окуяга шектүү катары Аксы районунун тургуну 1992-жылы туулган А.Т. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Уурдалган мал жандыктары толугу менен ээсине кайтарылып берилген. Арыз ээси Т.Ж. малынын табылганына сүйүнүп, милициянын жасаган аракетине ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий