• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузак районундагы оңдоодон өткөн ички жолдордун бирине Чубак ажы Жалиловдун ысымы ыйгарылды

Аймак 0

Бишкек, 03.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарынын ички жолдорунун бирине асфальт төшөлүп, колдонууга берилди.

Союздан бери каралбай калган жол ДЭУ-31 ишканасы тарабынан 2 айдын аралыгында бүткөрүлүп, жаңы жолго белгилүү аалым Чубак ажы Жалиловдун ысымы ыйгарылды.

Республикалык бюджеттен 2200 метр жолду оңдоого 10 млн сомго жакын акча каражаты каралып, учурда анын 950 метри бүткөрүлдү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жолду ачуу иш-чарасына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Көк-Жаңгак шаарынын мэри баштаган кызматкерлер жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев шаар тургундарына кайрылып,, мындан ары дагы аталган шаардын инфраструктурасын жакшыртуу иштери улантыларын, бардык курулуш иштери президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий