• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаровдун БАЭге болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Президент 0


Бишкек, 03.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун 30-ноябрдан 3-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Дубайда БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык тармактарда кызматташууну активдештирүү маселелерин талкуулашты.

1-декабрда Садыр Жапаров климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин ачылыш аземине катышты.

Климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн “Expo City Dubai” көргөзмө борборуна келген делегация башчыларын БАЭ Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.

Ушул эле климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.

Өлкөлөрдүн лидерлери эки тараптуу кыргыз-монгол кызматташтыгын ар кыл тармактарда кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашып, келечектеги биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын белгилешти.

Андан кийин президент БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинде сөз сүйлөп, анда келечек муундардын жашоосуна жакшы таасир тийгизиш үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн айтты.

Ал белгилегендей, эксперттердин баамында, абанын температурасы планетанын орточо көрсөткүчүнөн кескин жогорулашы бүтүндөй Борбор Азиядагыдай эле Кыргызстанда да байкалууда. Кыргызстандын жана Борбор Азиянын тоолуу экосистемаларында жайгашкан мөңгүлөр суу-энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу, экологиялык туруктуулук үчүн өтө маанилүү.

Ошондой эле, Садыр Жапаров климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында бир катар өлкөлөрдүн жетекчилиги менен, атап айтканда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Словениянын президенти Наташа Пирц-Мусар жана Пакистандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Анвар-уль-Хак Какар менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Андан соң мамлекет башчысы Адаптация боюнча глобалдык жыйынтык чыгаруу боюнча Жогорку деңгээлдеги комитеттин биринчи отурумунда «Тоолуу өлкө катары Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу» деген темада сөз сүйлөдү.

Садыр Жапарова өз сөзүндө эл аралык коомчулукту тоолуу өлкөлөрдүн климаттык жана тоо экосистемасынын экологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган аракеттерин колдоого чакырды.

2-декабрда президент БАЭге болгон иш сапарынын алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөр башталаар алдында мамлекет башчысынын катышуусунда «Абу-Даби Кыргыз Инвестмент» кыргыз-эмират биргелешкен холдингдик компаниясынын уставдык жана уюштуруу документтерине кол коюу аземи болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө потенциалдуу экономикалык кызматташтык жана стратегиялык инвестициялык мүмкүнчүлүктөр боюнча пикир алмашуу болду.

Андан соң Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «Abu Dhabi Future energy company PJSC- Masdar» жана «Électricité de France» компанияларынын ортосунда үч тараптуу Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду.

Андан кийин эки компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрдү.

Садыр Жапаров кол коюлган документти канааттануу менен белгилеп, аны практикалык ишке ашыруу жакын арада башталаарына ишеним билдирди.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 3-декабрда Бишкекке кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий