• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддагы “Алтын балалык” лагеринин балдарды кабыл алууга даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан түзүлгөн комиссия “Алтын балалык” балдардын жайкы эс алуу лагерин текшерди.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүү учурунда айрым кемчиликтер аныкталып, мүчүлүштүктөрдү тез арада жоюу жагы аталган лагердин жетекчиси Турдукан Амановага тапшырылды.

40 орунга ылайыкташкан лагерге Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесинен ажыраган өспүрүмдөр эс алууга жиберилет.

Белгилей кетсек, Жалал-Абаддагы “Алтын балалык” лагеринде жыл сайын 200дөй бала эс алып келет.

Пикир

Оставить комментарий