• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Профессор Мусакожоев: Тышкы карызды төлөөгө каражат таап жаткан бийликтин аракетине жогору баа бериш керек

Коом 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Кыргызстан чет өлкөдөн алган ири суммадагы карыздарды төлөй турган жылдарды башынан кечирип жатат. Ушунун баарына убагында каражат таап жаткан азыркы бийликтин аракетине жогору баа бериш керек. Мындай пикирин профессор Шайлообек Мусакожоев билдирди.

Ал өкмөттө түзүмдүк өзгөрүүлөр болгондугун, мурда башкаруунун башаламан саясаты экономикабыздын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип келгендигин айтты.

"Андан калса, өкмөткө түздөн-түз баш ийген салык, бажы, финансы полициясы кызматы учурунда эч кимди тоготпой калганын билебиз. Ошондуктан, фискалдык саясаттагы натыйжалуу реформа ушул багытты жөнгө салып, өзүнүн жемишин берип жатат. Албетте мындай ийгиликтерди президент Садыр Жапаров менен министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун үзүрлүү эмгеги деп билишибиз керек.

Акылбек менин көз алдымда коомдук ишмер, окумуштуу катары өсүп келе жатат. Ал алгач комсомолдун мектебинде такшалган. Мамлекеттик башкаруу бийлигинин бардык тепкичин басып өттү. Салык саясаты демекчи, ал кандидаттык диссертациясын дал ушул салык боюнча жактаган. Андан кийин депутат катары Салык кодексинин авторлорунун бири болгон. Ошондуктан, өлкөбүздө салык саясаты кандай өңүттө жүрүш керек экенин Акылбектен артык билген адам жок го дейм. Менин пикиримде, канчалаган ишкерлерге жеңилдиктерди берип, ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатышат. Демек, акча табууда ички резервдерди пайдалана билүүнүн өзү чоң эмгекти талап кылат. Салык саясаты боюнча жасап жаткан иштери тууралуу азырынча баа берүүгө али эрте.

Акылбектин докторлук диссертациясы экономиканы модернизациялоого багытталган тема болчу. Ал ушул тармактын адиси десем болот. Эгерде Акылбек аткаруу бийлигин тандабай, илимдин артынан түшсө, күчтүү илимпоз болор эле. Эң башкысы ал дүйнөлүк экономиканы талдай билген күчтүү аналитик", - дейт Мусакожоев.

Пикир

Оставить комментарий