• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта рейддин жүрүшүндө туруктуу жашаган жери жок 42 жаран аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Кечээ, 18-майда Талас облусунун аймагында “Селсаяк” аталышындагы комплекстүү ыкчам алдын алуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган рейддик иш-чара облустун шаар жана айыл аймактарында көчөдө туруктуу жашаган жери жок селсаяктык кылган жарандар тарабынан коомдук тартип бузууларды, алар тарабынан жана аларга карата кылмыштардын алдын алуу максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция тарабынан туруктуу жашаган жери жок 42 жаран алып келинип, кол издери алынып, сүрөткө тартылып, өздүктөрү аныкталды. Алар менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, Талас шаарынын Жетиген районунда Кызыл Ай коому тарабынан Талас шаарындагы туруктуу жашаган жери жок селсаяктык кылып жүргөн жарандарга кийим-кечектер таратылып, тамак-аштар берилип, муктаж болгондорго медициналык жардамдар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий