• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оштогу ишканаларда 60 жаштан өткөн курактагылар онлайн режимде иштей турган болду

Аймак 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-октябрда Ош шаарынын Жарандык коргонуу штабынын жыйыны болуп өттү. Жыйынга жарандык коргонуу штабынын башчысы, биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев жана штабдын мүчөлөрү катышты, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жыйында коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу элге түшүндүрүү иштерин, рейддерди күчөтүү, той-маракелерди өткөрүп жаткан кафе-ресторандарды жабуу тапшырмалары берилди.

"Шаардагы мекеме-ишканаларда иштеген 60 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер онлайн режимде иштөөсү боюнча чечим кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы №52 мектепте ачылган стационар күнү-түнү бейтаптарды кабыл алууда. Жыйында абалга жараша стационарлар, дары-дармектер даяр болуусу айтылды.

Шаардагы санитардык талаптарды көзөмөлдөө максатында Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, милиция жана тийиштүү кызматтардын өкүлдөрүнүн курамында шаар боюнча 7 жумушчу топ түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий