• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зулушев октябрдагы башаламандыкта Жээнбеков менен депутаттын сүйлөшүүсү боюнча үн катты

Коом 0

Бишкек, 05.02.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Башкы прокурор Курманкул Зулушев октябрдагы башаламандыкта ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөшпөгөндүгүн билдирди. Зулушев Жээнбеков менен сүйлөшкөн адам депутат экендигин айтат.

"Ал мен эмесмин. Зулушев менен Жээнбековдун сүйлөшүүсү деп маалымат чыккан. Кийин белгилүү болгон ал ким экени. Ал саясатчынын атын атабай эле коеюн", - дейт ал.

Ошондой эле башкы прокурор 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандык боюнча кылмыш иши козголгонун белгилеп, Жээнбековдун телефон аркылуу сүйлөшүүсү боюнча иштер жүргөн жоктугун тактады.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин чыккан башаламандык учурунда мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен белгисиз адамдын ортосундагы телефон аркылуу сүйлөшүүсү интернетке тараган. Анда президент менен Курманкул Зулушев сүйлөшкөнү тууралуу болжолдонгон.

Пикир

Оставить комментарий