• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдү браконьердик торлордон жана таштандылардан масштабтуу тазалоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Күн мурун, 12-мартта Ысык-Көл облусунда көлдүн жээгин жана акваториясын браконьердик балык уулоочу торлордон жана таштандылардан тазалоо боюнча масштабдуу иш-чара башталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгынын талаптарын аткаруу максатында аткарылууда.

Масштабдуу иш-чара Түп районунун Ысык-Көл айылында башталды. Иш-чаранын расмий ачылышына өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, президенттин Ысык- Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, ӨКМдин, ИИМдин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин региондук башкармалыктарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын негизги максаты – көлдү жана Ысык-Көл биосфералык зонасын адам ишмердигинин, техногендик жана табигый факторлордун натыйжасында жаратылыш чөйрөсүнө терс таасир тийгизүүдөн коргоого багытталган. Анын алкагында жергиликтүү тургундар арасында көлдүн экологиясын сактоо жана аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий