• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто 2-майда айрым жерлерде суу өчөт

Аймак 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Ош шаарында 1-май күнү саат 24:00дөн 2-май күнү саат 24:00гө чейин таза суу берүү убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирет.

Мындай чара Ош шаарында таза суу менен камсыздоо долбоорунун биринчи этабынын алкагында бүткөрүлгөн суу түтүгүн борбордук суу берүүчү түтүккө туташтыруу жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экендиги айтылат.

Бул аралыкта төмөнкү аймактарда ичүүчү суу өчүрүлбөйт: Манас-Ата (ХБК), Туран, Достук кичи району, Калинин массивинде.

“Ош суу канал” муниципалдык ишканасы Ош шаарынын тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, алдын ала ичүүчү таза суу камдап алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий