• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында санитардык нормалардын сакталышы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Ош шаарынын Жапалак администрациясы тарабынан санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышына текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Рейддик иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, шаардык санитардык-эпидемиологиялык станциясынын, ветеринардык кызматынын, Мамэкотехинспекциянын, укук коргоо органдары менен кызматтарынын өкүлдөрү, Жапалак айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, салык кызматы, шаардык мэриянын кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө соода жана тейлөө объектилерин, ошондой эле коомдук тамактануучу жайлырдын санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук тамактануу жайларда, соода түйүндөрдө, транспортто социалдык дистанция жана беткап тагуу эрежелерин сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо шаардын калкынын ден-соолугун сактоонун милдеттүү компоненти болуп саналат, медициналык адистер алдын-ала айткан коронавирустук инфекциянын жана пневмониянын экинчи толкунунан сактануу. Бүгүнкү текшерүүлөр көрсөткөндөй, көптөгөн жарандар эс алышып, керектүү гигиеналык стандарттарды жана эрежелерди сакташкан жок, бул шаардыктар арасында түшүндүрүү иштерин мындан ары күчөтүү зарылдыгын көрсөттү. Талап кылынган натыйжаны алуу үчүн шаардык мэрия гана эмес, ошондой эле бардык адистештирилген уюмдар, мекемелер жана структуралар катышуусу керек", - деп белгиледи А.Топчубаев.

Рейддик иш-чаралардын алкагында жоопкерчиликсиз иш алып барып жаткандарга карата тиешелүү протоколдор түзүлдү. Жалпысынан бир коомдук тамактануу жайына, бир катар соода түйүндөрүнө жана эт азыктарын сатуу объектисине административдик чаралар көрүлдү. Мындан тышкары, Западный кичи районунда коомдук транспортто санитардык талаптардын сакталышына текшерүү жүргүзүлдү.

Рейддик иш-чаралар улантылат.

Пикир

Оставить комментарий