• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта Аялдардын эл аралык күнүнө арналган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Талас шаарында 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө арналган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Көргөзмө Талас шаардык көркөм сүрөт музейинде өтүп, 3-марттан 20-мартка чейин уланмакчы.

Көргөзмөнүн негизги концепциясы - кыргыз көркөм искусствосундагы аялдардын образы, коомдогу жана өлкөнүн илим-билим, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдарын чагылдырган чыгармалар болуп саналат.

Музей экспозициясына Кыргыз Эл сүрөтчүлөрү К.Орозматов, С.Төрөбеков, Т.Курманов, К.Давлетов, Ж.Жакыпов, Д.Жолчуев, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмерлери А.Төрөбеков, Д.Флекман, С.Осмоналиев, Б.Сыдыков, А.Турумбеков, А.Турусбеков, Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Б. Батырбаевдин жана эл аралык, республикалык деңгээлдеги белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлду.

Пикир

Оставить комментарий