• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажычылар контрабандалык тамекилерди алып кирүүгө бөгөт койду

Укук тартиби 0


Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Бажычылар контрабандалык тамекилерди алып кирүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык,Ф” ЖЧКсынын дарегине Түркиядан М.И.М. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда Renaul үлгүсүндөгү унаа менен “токулган кездеме” келген.

Бажылык текшерүү учурунда унаанын жүк бөлүгүнөн 1000 куту Milano Tech Lock Silver, 633 куту Milano Tech Lock Black, 12 куту Milano Fan Pack London тамекилери табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес. Келтирилген чыгымдын болжолдуу суммасы 58,4 млн сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий