• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргыз-орус маданий кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү маселеси талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 17.11.23./Кабар/. Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу Россиянын маданият министринин орун басары Андрей Малышев менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу 16-ноябрда Эрмитаждын башкы штабында "Бириккен маданияттардын форуму" эл аралык Санкт-Петербург маданий форумунун алкагында өттү.

Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстан Россия менен маданият жана искусство жаатында эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгилеп, форумдун ишине кыргыз делегациясынын катышуусуна чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы маданий өз ара аракеттешүүнүн жогорку деңгээлин белгилеп, кыргыз-орус маданий кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө умтуларын билдиришти. Эки тараптуу маданий кызматташтык эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда динамикалуу өнүгүп жаткандыгы белгиленди.

Тараптар маданият жана искусство чөйрөсүндө кадрларды даярдоо, окутуу жана адистер ортосунда тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Үч күндүн ичинде 70тен ашуун өлкөнүн алдыңкы эксперттери, маданият ишмерлери, мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү форумдун иштиктүү программасынын алкагында өзүнө панелдик дискуссиялык аянтчаларды, презентацияларды жана тегерек столдорду камтыган заманбап маданий чөйрөнү өнүктүрүүнүн тенденцияларын жана актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууга ошондой эле Мукаш Абдраев атындагы атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын директору Разия Сырдыбаева жана Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору Эрик Латыпов катышты.

Пикир

Оставить комментарий