• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөбаев “Кыргызиндустриянын” бир катар ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун бир катар ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Алгач “Кыргызбетонкурулуш” продукциясынан, тагыраагы Emmedue инновациялык системасы аркылуу жасалган пенополистирол панелдеринен курулуп жаткан көргөзмө комплексинин курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.

Мындан тышкары “Кыргызфармтех” ЖЧКсынын жана зер буюмдарын чыгаруучу жаңы ишкананын имараттарындагы оңдоо иштеринин жүрүшү, ошондой эле жүк ташуучу Shacman үлгүсүндөгү унаанын тетиктерин жыйноочу цехтин иши менен таанышты.

Ишканалар менен жеринде таанышып чыккан министрлер кабинетиин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун маанилүү социалдык милдеттеринин бири жаңы жумуш орундарын түзүү менен өлкөдөгү жумушсуздукту жана эмгек миграциясын кыскартуу экенин белгиледи.

““Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун түзүлүшү менен жаңы өндүрүштүк ишканалар ачылып өнөр жай жанданды, буга чейин иштеп жаткан өндүрүштүк ишканаларды модернизациялоо, кеңейтүү, ошондой эле токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүү сыяктуу бир катар далилдүү долбоорлор ишке ашырылууда”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын аягында 100% мамлекеттин катышуусу менен түзүлгөн “Кыргызиндустрия” ААКсы 2022-жылдын март айынан бери 20 долбоордун ичинен 16 долбоорду ишке ашырды.

Пикир

Оставить комментарий