• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкек жана Чүйдө медиктер инфаркт, инсульттун алгачкы белгилерин таануу боюнча окуудан өтөт

Ден соолук 0

Бишкек, 17.11.23./Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 16-20-ноябрь күндөрү медициналык кызматкерлерге Кардиология боюнча чукул жардам программасынын алкагында курч кармаган миокард инфаркты жана инсульт учурундагы негизги кызматтар боюнча окуулар өткөрүлүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 170тен ашык медицина кызматкерлери баштапкы деңгээлде диагностикалоонун жана дарылоонун, саламаттык сактоонун кийинки этабына которуунун, ошондой эле зарыл болгон учурда ооруканага жаткыруунун негизги маселелери боюнча Улуттук кардиология жана терапия борборунда жана Улуттук госпиталда окутулууда.

Бүгүнкү иш-чарада саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова сөз сүйлөп жатып, бейтаптарды БМСЖдан кайра багыттоо боюнча жакшы координацияланган системанын маанилүүлүгүн, анда курч кармаган миокард инфаркты жана инсульттун белгилерин өз убагында аныктоо керектигин, ал эми үчүнчү даражадагы саламаттык сактоо уюмдарынын башчылары ST сегментинин көтөрүлүшү жана инсульт менен курч кармаган миокард инфаркты боюнча негизги кызматтарды күчөтүүнү координациялап, бейтаптарга бардык зарыл болгон жогорку технологиялык, адистештирилген жардамды көрсөтүүгө тийиш экенин белгиледи

УКжТБнын директору, профессор Талант Сооронбаев “Ыкчам кардиология” программасын ишке ашырууда Борбордун флагман болууга, ошондой эле аймактардан келген дарыгерлерге методикалык жардам көрсөтүүгө, тромболитикалык терапия боюнча иш ордунда окутууга даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары, бейтаптарга жардам көрсөтүүдө медайымдардын ролу жогорулап жатканын эске алуу менен аларды инфаркт жана инсульт учурунда алгачкы симптомдорду таанууга жана биринчи жардам көрсөтүүгө үйрөтүү пландалып жатканы белгиленди.

Бул тренинг Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан колдоого алынат.

Пикир

Оставить комментарий