• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үй-бүлөлүк мыйзамдарды өркүндөтүү максатында ведомстволук топтун жыйыны өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Үй-бүлөлүк мыйзамдарды өркүндөтүү максатында ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жумушчу топ 17-18-ноябрь күндөрү өтүп, анын катышуучулары үй-бүлө кодексинин долбоорун иштеп чыгуунун үстүндө иштешет.

Үй-бүлө кодексин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун милдети үй-бүлө мамилелерин укуктук жөнгө салуунун заманбап талаптарга ылайыкташтырылган системасын иштеп чыгуу болуп саналат.

Жаңы документ бардык ратификацияланган эл аралык конвенцияларга жана макулдашууларга, үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо жаатында Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган бардык эл аралык милдеттенмелерге ылайык келет.

Пикир

Оставить комментарий