• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө бешинчи Tengri Music музыкалык фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 22.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ысык-Көлдө 9-10-август күндөрү бешинчи Tengri Music музыкалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында "Prima" коомдук фондунун президенти Виктория Юртаева билдирди.

Анын айтымында, бул жылкы фестивалда классикалык музыкадан сырткары джаз түрү да коюлат. 9-август классикалык музыкага, 10-август джаз музыкасына арналат.

Иш-чарага Казакстан, Армения, Россия, Белоруссия, Германия жана Австриядан музыканттар келери күтүлүүдө.

"Чолпан-Атадагы "Рух-Ордо" комплексинде болгон фестивалга 5-6 миң адам келет деген ойдобуз", - деди Юртаева.

Билет баасы 1 миң сом, ал эми 2 концертке 1,5 миң сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий